Биз менен байланышыңыз

Сот Раиса Атамбаевага жолдошу Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга уруксат берди

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 704 | 0

Раиса Атамбаева жолдошу, мурдакы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга уруксат алды. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев маалымат каражаттарына билдирген.

Биринчи май райондук соту Раиса Атамбаеванын суранычын канааттандырып, камактагы күйөөсү менен жолугушууга уруксат берген. Жактоочулардын билдирүүсүндө, мурунку мамлекет башчы өзүн жакшы сезүүдө. Кармоо шарттарына карата эч кандай нааразы эмес. Сот Атамбаевдин жубайынын суранычын аткарганы менен, уулу Кадыр менен жолугушуусуна уруксат бербей койгон.

Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук сыяктуу 14 кылмыш боюнча айып тагылууда.

Copyright © 2017 Maral FM