Биз менен байланышыңыз

Чүйдө 64 жаштагы жаран өрттө калып каза болду

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 506 | 0

Чүй облусунун Аул көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, 64 жаштагы киши тирүүлөй күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аламүдүн районундагы жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 40 чарчы метр аянттагы чатыры жана жанаша жайгашкан чарбалык курулуштун ичинде 10 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрт мындан сырткары, бир торпокту да жалмаган.

Айттырбай келген өрт кырсыгынан 64 жаштагы М.С. аттуу киши каза болгон. Өрттүн чыгышына электр жабдууларын пайдалануунун техникалык эрежелеринин бузулушу себеп болгону айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM