Биз менен байланышыңыз

Иранда нааразычылыкка чыккан 7 миң жаран камалган

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 441 | 0

Ирандын коргоо күчтөрү 15-ноябрдан бери бензиндин баасы жогорулагандан улам чыккан нааразычылык акцияларында 7 миң адам кармалган. Бул тууралуу Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин төрагасы Накави Хусейни билдирген.

Ошондой эле Amnesty International уюму белгилегендей, нааразычылык акциялары учурунда кеминде 143 адам өлүмгө дуушар болду.


Иран: Бийлик менен элдин тиреши өлүмгө жеткирди


15-ноябрда дизелдин баасы кымбаттап, аны сатып алууга квота киргизилген соң, нааразычылык акциясы башталып, анын эпкини кыска аралыкта 40тан ашык шаарларга жайылган. 80 миллион калк жашаган Иранда 16-ноябрда интернет өчүрүлгөн.

Иран бийлиги өлкөдөгү башаламандыктын артында чет өлкөлүк күчтөр турат деп эсептейт.

Эл аралык укук коргоо уюмдары, Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар Уюму, АКШ, Германия жана Франция жана жалпы дүйнөлүк коомчулук Иран бийлигин интернетти өчүргөнүн сындап,  каршылык акциясына чыккан элге каршы күч колдонгону үчүн айыптоодо.

Ал эми Тегеран айыптоолорду четке кагып, АКШ менен Европа Биримдигин өлкөнүн ички маселесине кийлигишпөөгө чакырып келет.

Copyright © 2017 Maral FM