Биз менен байланышыңыз

Иран: Бийлик менен элдин тиреши өлүмгө жеткирди

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 716 | 0

Окуянын себеби

Элди нааразы кылган Ирандын экономикасы, бензинге болгон баанын өсүшү

Иранда 15-ноябрда дизелдин баасы кымбаттап, аны сатып алууга квота киргизилген. Ага ылайык, унаа ээси бир айда 60 литр гана бензин сатып ала алат. Квотанын алкагында бензиндин баасы да 1000 иран туманына (1,67 сом) 1500га (2,5 сомго) кымбаттаган.

Мыйзам кабыл алынган соң, өлкөдө нааразылык акциялары башталган.

17-ноябрда Ирандын бир катар шаарларында митингдер уланып, күч органдары менен демонстранттардын кагылышуусу болуп өткөн. Бул күнү Иранда толугу менен интернет өчүрүлгөн. Күйүүчү майдын баасын кескин кымбаттаткан жана бензин сатууга квота киргизген өкмөттүн чечиминен кийин Ирандын бир топ шаарларында нааразылык акциялары болуп өттү.

АКШ санкцияларды күчөткөн соң, Ирандын экономикасы артка кетип жатканына байланыштуу, аны көтөрүү максатында мунайдын баасын жогорулатып, бензин сатууга чектөө киргизген.

Интернеттин өчүрүлүшү

80 миллион калк жашаган Иранда бир жумадан бери интернет жок. 16-ноябрда эле интернеттин ылдамдыгынын жайлаганы байкалган, 17-ноябрь күнү Иранда толугу менен интернет өчүрүлгөн.

NetBlocks бейөкмөт уюму интернет байланышына байкоо жүргүзүп турат. Уюмдун айтымында, соңку күндөрү Ирандагы интернет колдонуучулар мурдагы деңгээлге салыштырганда беш гана пайызды түзөт. Ошондой эле, уюмдун кызматкерлери буга чейин мындай деңгээлдеги интернет байланыштын үзүлгөнү эч жерде байкалбагандыгын айтат.

Би-Би-Си кыргыз кызматы жазгандай, Иранда чет өлкө менен байланышты эки мамлекеттик ишкана башкарат: Улуттук телеком компаниясы менен Физика жана математика институту. Демек, чет өлкө менен байланышты Ирандын бийлиги оңой эле өчүрүп салышы мүмкүн. Интернет өчсө, Иран менен чет өлкөнүн байланышы үзүлөт.

Бул боюнча АКШ президенти Дональд Трамп Иран бийлиги өлүм менен коштолгон өлкөдөгү трагедияны жашыруу үчүн интернетти өчүрүп салганын жазды.

Бийлик менен элдин тиреши

Айрым маалыматтарда полиция демонстранттарды таратуу үчүн ок атканы айтылууда. Нааразылык акцияга чыккандар банктарга жана өкмөттүн имараттарына өрт коюшкан.

Адам укуктарын коргогон Amnesty International уюму 106 кишинин өлгөнүн билдиришкен. Бирок абал мындан да оор, каза болгондордун саны мындан да көп болушу ыктымал экендиги айтылууда.

Эл аралык укук коргоо уюмдары, Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар Уюму, АКШ, Германия жана Франция Иран бийлигин интернетти өчүргөнүн сындап,  каршылык акциясына чыккан элге күч колдонгону үчүн айыптоодо.

Ал эми Тегеран айыптоолорду четке кагып, АКШ менен Европа Биримдигин ички маселеге кийлигишпөөгө чакырып келет.

Иран бийлиги эмне дейт?

Ирандын президенти Хасан Роухани каза болгондордун көп болгонуна карабай, «душмандар уюштурган кутумду биздин адамдар жеңди» деп айтууда. Роухани Ирандагы калайман каршылыктын артында Тегерандын каршылаштары — Сауд Арабиясы, Израил жана АКШ турат деп божомолдоду.

Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлкөдөгү башаламандыктын артында чет өлкөлүк күчтөр жана мурунку шахтын жакындары турат деп эсептейт. Иранда чыңалган абалды күчөтүүнү каалаган душмандар уюштуруп жатканын, алар жеңишке жетишпей турганын билдирген.

Ошондой эле, бийлик өкүлдөрү интернет иштеп баштаганын маалымдаган. Чет аймактарда ишке киргени менен, Тегеранда интернеттин жанданганы байкалбай жатканы айтылууда.

Бийлик интернетке чектөө киргизгени менен ар кандай булактар аркылуу нааразычылык акциясы учурундагы сүрөттөр, маалыматтар таркалууда:

Шахриярдагы соода борбору

Тегерандагы акция учурунда күйгөн имараттар. Өкмөт күйүүчү майга болгон баа жогорулаганын айткандан кийин өлкөдө демонстрация башталган.   

 

Copyright © 2017 Maral FM