Биз менен байланышыңыз

Тбилиси: Митингде кармалгандар шарттуу түрдө бошотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 502 | 0

Грузиянын Тбилиси шаарындагы парламент имаратынын алдында болгон оппозициялык митингдин учурунда кармалган 28 демонстрант шарттуу түрдө бошотулду. Бул тууралуу туткундардын жактоочусу Гога Ониани журналисттерге берген маегинде билдирген.

Маалыматка ылайык, полиция тарабынан туткундалган 28 жаран сотко келүү шартына кол коюу менен бошотулган. Алар «полициянын мыйзамдуу талабына баш ийбегендик» жана «майда башаламандыктар» сыяктуу админстративдик укуктарды бузган деп кармалган. Соттун качан болору так айтылган эмес.

26-ноябрга караган түнү каршылык акциясынын катышуучулары депутаттардын парламентке кирүүсүнө тоскоолдук кылуу үчүн чатырларды тигип, имарат оозун тороп алышкан.

Акциянын катышуучуларына көтөрүлүштү токтотуу үчүн таңкы 5ке чейин мөөнөт беришкен. Бирок алар таркап кетүүдөн баш тартышкан. Соңунда коргоо кызматкерлери демонстранттарга каршы суу чачкычтарды колдонуп, аларды имараттан кууп чыгышты. Каршылашуу учурунда 28 адам кармалган.

Оппозиция лидерлери өкмөт кызматтан кетип, пропорционалдык система боюнча мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрмөйүнчө тынчыбай турганын белгилешүүдө.


Нааразылык акциялары жүрүп жаткан өлкөлөр (фото)


Тбилисидеги нааразычылыктар 14-ноябрда башталган. Буга парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон.

Демонстранттар мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү жана өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышууда.

Copyright © 2017 Maral FM