Биз менен байланышыңыз

Нааразылык акциялары жүрүп жаткан өлкөлөр (фото)

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 874 | 0

Гонконг

Эл менен полицияны душмандыкка жеткирген экстрадиция мыйзамы

Гонконг эли экстрадициялоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылып, июнь айынын башынан бери байма-бай митингдерге чыгып келет. Мыйзамдагы түзөтүүгө ылайык, Гонконг бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүү боюнча макулдашкан. Жалпы каршылыктан соң, бийлик бул мыйзамды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө жылдырган. Ага карабастан, Гонконгдун тургундары бийликтин аталган мыйзамдагы түзөтүүлөрдөн толугу менен баш тартуусун, ошондой эле, бийликтин отставкасын талап кылып, нааразычылык акциясын токтотпой келишет.

Акциянын катышуучулары полиция кызматкерлеринин буга чейинки митингдерде демонстранттарга карата күч колдонгондугуна да нааразылыгын билдиришүүдө.

Июндан бери жүрүп келген каршылык акциялары ноябрда күч алып, акция учурунда демонстранттар менен полиция кагылышып, 22 жаштагы студент каза болгон. Митингдин катышуучуларынын айтымында, студент Чоу-Цок күч органдары көздөн жаш агызуучу газ колдонуп жаткан учурда жабыркаган. Бул окуядан соң, демонстранттардын полиция кызматкерлерине болгон нааразычылыгы күч алып, окуяны териштирүүнү талап кылышууда.

Иран

Элди нааразы кылган Ирандын экономикасы, бензинге болгон баанын өсүшү

Иранда 15-ноябрда дизелдин баасы кымбаттап, аны сатып алууда квота киргизилген. Ага ылайык, унаа ээси бир айда 60 литр гана бензин сатып ала алат. Квотанын алкагында бензиндин баасы да 1000 иран туманына (1,67 сом) 1500га (2,5 сомго) кымбаттаган.

Мыйзам кабыл алынган соң, өлкөдө нааразылык акциялары башталган.

17-ноябрда Ирандын бир катар шаарларында митингдер уланып, күч органдары менен демонстранттардын кагылышуусу болуп өткөн. Бул күнү Иранда толугу менен интернет өчүрүлгөн.

16-ноябрда Сиржан шаарында акцияга катышкан бир адам каза болгон. Айрым маалыматтарда Бехбахан, Исфахан жана Мариванда дагы төрт киши өлдү деп жазылды. Күйүүчү майдын баасын кескин кымбаттаткан жана бензин сатууга квота киргизген өкмөттүн чечиминен кийин Ирандын Сиржан, Мешхед, Ахваз, Бандар-Аббас, Шира жана башка шаарларында нааразылык акциялары өттү.

АКШ санкцияларды күчөткөн соң, Ирандын экономикасы артка кетип жатканына байланыштуу, аны көтөрүү максатында мунайдын баасын көтөрүү жана бензин сатууну чектөөнү чечкен. Маалымат булактарында мындай нааразычылыктар февраль айына белгиленген президенттик шайлоонун алдында президент Хасан Роуханиге карата басымдын күчөшүнө алып келүүсү мүмкүн экендиги айтылууда.

Грузия

Өлкөдөгү өкмөттүн чабалдыгы

Грузиянын борбору Тбилисидеги нааразычылыктар 14-ноябрда башталган. Буга парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон.

Демонстранттар мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү жана өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышууда.

Акцияга «Бирдиктүү элдик кыймыл» жана «Европалык Грузия» сыяктуу ири оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрү катышты.

18-ноябрда Тбилиси шаарында парламенттин имаратынын алдын тороп алгандар менен бир топ убакыт алышкан полиция соңунда суу бүркүп, демонстранттарды кууп таратып,  бир канча активистти кармап кетишкен.

Июль айындагы акцияларда да демонстранттар менен полициянын ортосундагы кагылышуудан 240тай адам жабыркаган.

Ирак

Өлкөдөгү жумушсуздук, жемкордуктун күч алышы

Иракта да октябрдын башынан бери калаймакан нааразычылык акциялары токтобой келет. Октябрдын башынан бери толкундоолордун айынан 300дөн ашуун адам каза болуп, 15 миңден ашыгы ар кандай жаракаттарды алган.

Маалыматка ылайык, демонстранттар бийликтин алмашуусун талап кылып, мунайга бай өлкөдөгү коррупцияга, жумушсуздукка, социалдык шарттарга нааразылыгын билдирип жатышат. Андан сырткары, өлкөнүн саясатына Ирандын кийлигишүүсүнө карата каршылык көрсөтүшүүдө.

Каршылыкка чыккандар Ирактын премьер-минстри Адел Абдель Махдини отставкага кетирип, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Бирок мамлекет башчысы азыркы учурда кызматтан кетсе, өлкөдө хаос жаралып, мамлекеттин толугу менен чачырап кетиши мүмкүн экендигин айтып келет. Ал ылайыктуу талапкер табылса, отставкага кетерин билдирди.

Чехия

Коррупцияга айыпталган өкмөт башчы

Чехия башкалаасы Прага шаарында каршылык акциясына чогулган эл өкмөт башчы Андрей Бабиш менен юстиция министри Мария Бенешованын отставкасын талап кылышты. Премьер-министрди коррупциялык иштерге айыптап, оппозициялык партияларды өлкөдөгү саясий кырдаалга таасирин күчөтүүгө чакырышты.

Чехтер өкмөт башчы Андрей Бабиштин өз иши тууралуу мамлекеттик жана жарандык уюмдарга маалымат бербей жатканы европалык өнөктөштөрдүн Чехиядан баш тартуусуна алып келет деп кооптонушууда. Ошондой эле, анын Евробиримдиктен алынган акчага байланыштуу мыйзамсыз иштерин иликтөөгө да таасир этүүгө аракеттенип жатканын айтышууда.

Уюштуруучулар  Бабишти «Же отставкага кетсин, же бизнесинен баш тартсын» деген шартты коюшууда.

Акциялар Чехословакияда коммунисттик партиянын бийликтен четтетилиши жана социалисттик системанын кыйрашына алып келген 1989-жылы болгон “Бархат төңкөрүшү” деп аталган тынч саясий көтөрүлүштүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат. Бул жолку толкундоолордо 1989-жылга салыштырмалуу акциянын катышуучуларынын кыйла көп болгондугу байкалууда.

Чили

Толкундоого шылтоо болгон жол киренин кымбатташы

14-октябрдан бери Чилиде тополоңдуу каршылык акциялары токтобой келет. Нааразычылыктын чыгышына өлкөнүн борбору Сантьягодо метродогу жол акыны 3-4 песого көбөйтүүсү себеп болгон.

Чилинин президенти Себастьян Пиньера бийликтин метродогу жүргүнчүлөрдүн жол кире акысын көтөрүүдөн баш тартышканын кабарлаганы менен, демонстранттар каршылык акциясын токтотушкан эмес. Жол киренин көтөрүлүшү  — албетте, жөн гана шылтоо болуп, калктын бийликке карата топтолгон нааразычылыктарын көрсөтүүгө шарт түздү. Тургундар билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы маяна акыларынын төмөндүгүн, шарттын жоктугун айтышууда, андан сырткары, тарифтердин өсүшү боюнча нааразычылыгын билдирип жатышат. Акциянын катышуучуларынын көпчүлүгүн окуучулар менен студенттер түзөт.

Акция башталгандан бери 26 миңден ашык жаран камалган.

Copyright © 2017 Maral FM