Иранда бензиндин жогорулагандан улам чыккан нааразычылык акцияларында аз дегенде 143 адам каза болгон. Бул тууралуу «Amnesty International» («Эл аралык мунапыс») укук коргоо уюму билдирди.
Маалымат боюнча, өлүмгө жеткирген учурлардын баары полиция кызматкерлеринин демонстранттарга каршы ок атуу учурунда болгон.
Эл аралык укук коргоо уюму каза болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин, ошондуктан изилдөө иштерин улантарын айткан.
Ал эми Иран бийлиги кагылышуу учурунда 6 коргоо кызматкери жана бир демонстрант каза болгонун, андан сырткары, миңден ашык тургундардын камакка алынгандыгын айтып келет.
Иранда 15-ноябрда дизелдин баасы кымбаттап, аны сатып алууга квота киргизилген соң, нааразычылык акциясы башталып, анын эпкини кыска аралыкта 40тан ашык шаарларга жайылган. 80 миллион калк жашаган Иранда 16-ноябрда интернет өчүрүлгөн.
Иран бийлиги өлкөдөгү башаламандыктын артында чет өлкөлүк күчтөр турат деп эсептейт.
Эл аралык укук коргоо уюмдары, Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар Уюму, АКШ, Германия жана Франция Иран бийлигин интернетти өчүргөнүн сындап, каршылык акциясына чыккан элге каршы күч колдонгону үчүн айыптоодо.
Ал эми Тегеран айыптоолорду четке кагып, АКШ менен Европа Биримдигин өлкөнүн ички маселесине кийлигишпөөгө чакырып келет.