Биз менен байланышыңыз

«Ош бажысындагы коррупция боюнча парламент жооп берген эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2019 | 712 | 0

Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде 2017-жылы Ош бажысындагы коррупция боюнча парламентке кайрылгандыгын, бирок Жогорку Кеңеш кайрылууну жоопсуз калтырганы тууралуу төмөндөгүдөй маалыматы менен бөлүштү:

-2017-жылы аткезчилик маселеси боюнча тегерек стол өткөрүп, парламентке кайрылуу жөнөткөнбүз. Оштун бажысында иштеген мурунку кызматкер коррупциялык схемалардын баарын айтып берген. Колубуздан эч нерсе келбеген соң, тегерек столдун катышуучулары кол коюп, расмий түрдө парламентке кайрылганбыз, бирок тиешелүү жооп болгон жок, — дейт Сооронкулова.

Анын айтымында, коррупция маселеси ачык талкууланышы керек.

 

Copyright © 2017 Maral FM