Биз менен байланышыңыз

Конституциялык палатанын үч судьясы кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 760 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Эркинбек Мамыровду, Мээргүл Борбукееваны, Мукамбет Касымалиевди кызматынан бошотуу сунушун жактырды. Буга чейин президенттен бул боюнча сунуш келген.

Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, алардын 7 жылдык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Конституциялык соттун курамы 11 судьядан турат. Ушу тапта анда кворум жок, азырынча 6 судья гана иштеп жатат. Буга чейин Курмантай Абдиев менен Куанбек Киргизбаев 70 жашка чыккандыгына байланыштуу Конституциялык палатанын судьясы кызматынан бошотулган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM