Биз менен байланышыңыз

Бакыт Шаршембиев иштен алынды

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 570 | 0

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Шаршембиевди өз арызынын негизинде кызматтан алуу боюнча сунуштаманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президентке киргизген.

Ошондой эле, өкмөттүн аппарат башчысы Шамил Асымбеков жана анын орун басары Мурат Мукамбетов да кызматынан бошотулду.

Мындай чечимге «КТ Мобайл» ишканасын түзүүгө жана «Ачык өкмөт» улуттук форумуна байланыштуу акыркы окуялар себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM