Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Бакыт Шаршембиевди кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 872 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бакыт Шаршембиевди кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Президент Сооронбай Жээнбековго Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди.

Эске салсак, буга чейин Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизген болчу

Copyright © 2017 Maral FM