Connect with us

«Бакыт Шаршембиев пара менен кармалды» деген маалымат туура эмес

Кыска кабар | 6 Май 2019 | 771 | 0

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиевдин пара менен кармалгандыгы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Бул туура эмес жана тастыкталбаган маалымат экенин Өкмөттүн алдындагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

«Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчисине жана кызматкерлерине карата эч кандай атайын иш-чара жүргүзүлгөн эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Жалган маалымат таратууга Кылмыш-Жаза Кодексинин 344-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралганын мекеме эскертет.

Буга чейин интернет айдыңында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев ири өлчөмдө пара алып кармалганы, жогорку бийликтин буйругу менен кайра бошотулганы тууралуу кабар тараган. Шектүү кармалган учурда тартылган видео тасмалар да бийликтегилердин буйругу менен жок кылынганы айтылган болчу.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM