Биз менен байланышыңыз

Кырккелди Кыдырбаев Конституциялык палатанын судьялыгына шайланды

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 530 | 0

Кырккелди Кыдырбаев Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланды.

Бош турган судьялык ордуна талапкерди шайлоо Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында каралды.

Анда Президенттик аппарат тарабынан сунушталган талапкер Кырккелди Кыдырбаев 52 добуш менен шайланды.

Ал буга чейин Президенттик аппараттын кечирим берүү комиссиясынын башчысы болуп эмгектенип келген.

Copyright © 2017 Maral FM