Биз менен байланышыңыз

Парламент Конституциялык палатанын судьяларын кызматынан бошотту

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 423 | 0

Парламент Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Эркинбек Мамыровду, Мээргүл Борбукееваны, Мукамбет Касымалиевди кызматынан бошотту.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев аты аталган судьяларды бошотуу боюнча Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин чечими бар экенин, аны колдоп коюуну суранды.

Буга чейин өлкө президентинен алардын 7 жылдык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматынан бошотуу тууралуу келген сунушу жактырылды.

Copyright © 2017 Maral FM