Ушул жылдын 1-январына карата республика калкынын 3 млн 154 миңин – аялдар, 3 млн 101 миңин – эркектер түзөт. Башкача айтканда аялдардын саны 53 миңге көп. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Жогорку Кеңеште – 16%, жергиликтүү кеңештерде – 10%, муниципалдык кызматта – 37%, мамлекеттик кызматта – 42% аялдар иштейт.
Саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо чөйрөлөрүндө иштеген аялдар басымдуулук кылат.