Биз менен байланышыңыз

Конституциялык палатанын судьялары 7 жылдык мөөнөткө шайланышты

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 492 | 0

Жогорку Кеӊеш жыйынында президент тарабынан сунушталган талапкерлер Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Борбукеева, Латип Жумабаев депутаттардын басымдуу добушу менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына 7 жылдык мөөнөт менен шайланып, Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Талапкерлерди депутаттарга Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Ал Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлердин билими менен тажрыйбасы жетиштүү экенин, алар бул кызматка татыктуу экенин иш жүзүндө көрсөтө алышканын, ошондон улам мамлекет башчысы аларга ишеним көрсөтүп жатканын белгиледи.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына жаңы шайланган Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Борбукеева, Латип Жумабаев парламентте ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Белгилей кетсек, «Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызматына сунушталган талапкер Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланып, парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Copyright © 2017 Maral FM