Биз менен байланышыңыз

«Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мыйзамсыз түзүлгөн орган»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Дек 2019 | 708 | 0

Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Маралга» берген маегинде УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мыйзамсыз түзүлгөн орган экенин билдирди.

Анын айтымында, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгарып, өз алдынча көз карандысыз мамлекеттик орган катары түзүү зарыл.

-Бирок анда да баары жылып кетет дегенден алысмын. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кадрларды туура тандоо керек. Ага коомчулуктун да катышуусу шарт. Болбосо майнап чыкпай жатат, — дейт Сооронкулова.

Copyright © 2017 Maral FM