Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Коррупцияга каршы күрөштө коом да жетилиши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2019 | 527 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде коррупцияга каршы күрөштө коом да жетилиши керектигин билдирди.

Анын айтымында, коррупцияга каршы тынчтык митинги коомдун кандайдыр бир деңгээлде жетилип келе жатканынан кабар берет. Жарандар маданияттуу түрдө митингге чыгып, өз мүдөөсүн билдирип, тарап кетишти. Лозунгдары туура, аргументтери күчтүү болду.

-Адамзат ойлоп тапкан жол картада коррупцияга каршы күрөштүн программасы жазылып турат. Өнүккөн мамлекеттер паракорчулук менен күрөшүп жатат. Соттордун адилеттүүлүгүн камсыздоо үчүн өзүнүн туугандарын алып барып койбой, кесипкөй судьяларды тандоо керек. Айтор, аткарыла турган 10 чакты комплекстүү иш-чара бар. Ошонун баарын аткарбайбы? Коопсуздук кеңешинин жыйынында бир жыл мурда айткан сөздөрүн кайталап келүүдө. Жыйын өтөт, 1-2 адам кызматтан алынат, ошол бойдон тынчып калат, — дейт Шыкмаматов.

Эске салсак, 25-ноябрда Бишкекте «#REакция» аталышындагы тынчтык митинги өткөн. Акциянын катышуучулары «коррупцияга каршы реалдуу күрөш жүрсүн» деген талабын коюшкан.

Copyright © 2017 Maral FM