Биз менен байланышыңыз

Тбилиси: Парламент имаратын тороп алган демонстранттар күч менен таратылды [фото]

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 592 | 0

Грузиянын күч түзүмдөрү Тбилисинин борборунда жайгашкан парламенттин имаратын тороп алган каршылык акциясынын катышуучуларын күч менен кууп чыгышты.

Акциянын катышуучуларына көтөрүлүштү токтотуу үчүн таңкы 5ке чейин мөөнөт берилген болчу. Бирок алар таркап кетүүдөн баш тартып, эртең менен депутаттардын парламентке кирүүсүнө тоскоолдук кылуу үчүн чатырларды тигип, имарат оозун тороп алышкан. Соңунда коргоо кызматкерлери демонстранттарга каршы суу чачкычтарды колдонуп, аларды имараттан кууп чыгышты.

Оппозициянын маалыматы боюнча, акция учурунда 28 адам кармалган.


Нааразылык акциялары жүрүп жаткан өлкөлөр (фото)


Тбилисидеги нааразычылыктар 14-ноябрда башталган. Буга парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон.

Демонстранттар мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү жана өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышууда.

Copyright © 2017 Maral FM