Биз менен байланышыңыз

Сооронкулова: «Коррупция менен күрөштө парламенттик көзөмөл жетишпей жатат» 

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2019 | 712 | 0

Жогорку Кеңешке келген депутататтардын 40%ы мыкты болгондо парламентте жылыш болмок. Азыр парламент алсыз болуп жатат. Мындай пикирин Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коррупция менен күрөштө парламенттик көзөмөл жетишпей жатат:

-Биз парламенттик өлкөбүз деп баарын кайра президентке шылтай беребиз. Коопсуздук органдары жөнүндө мыйзамда көзөмөлдү Өкмөт, ЖК, Президент ыйгарым укуктарынын алкагында өткөрөрү көрсөтүлгөн. Бирок ушул күнгө чейин коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүндөгү көзөмөл тууралуу бир да маселе көтөрүлбөптүр. Азыр УКМК шумдук монстрга айланды. Мыйзамдардын  аткарылышын көзөмөлдөгөн орган жок болуп жатат, — дейт Сооронкулова.

Ал буга кошумча, Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөрүлсө да, анда мурдагы отурумда айтылган сөздөр кайталанарын белгиледи:

-Декларациялык кампания боюнча жыйынтык чыгарылары Коопсуздук кеңешинин мурдагы жыйынында да айтылган. Анын негизинде бир топ адамдардын жоопкерчиликке тартылары белгиленген. Бирок эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Эч кимге «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча иш козголгон жок. Декларацияда көрсөтүлгөн байлыкты да текшербей жатышат, — дейт Сооронкулова.

Copyright © 2017 Maral FM