Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун соту болот

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 646 | 0

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши уланат. Бул тууралуу Текебаевдин тарапташтары кабарлады. Соттук процесске экс-президент Роза Отунбаеванын келери айтылат.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылган.

Быйыл 29-августта сот алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

Copyright © 2017 Maral FM