Биз менен байланышыңыз

Трампты токтотуу үчүн Майкл Блумберг АКШ президенттигине ат салышат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 493 | 0

Нью-Йорктун мурдагы мэри, миллиардер Майкл Блумберг расмий түрдө Демократтар партиясынын  атынан АКШнын президенттигине ат салышууга бел байлады. Ал 2020-жылдагы президенттик шайлоодо учурдагы президент Дональд Трампты жеңүүгө өзүнөн башка татыктуу талапкер жок деп эсептейт.

Блумберг: «Дональд Трампты жеңүү жана Американы кайрадан куруу» деген башкы ураан менен шайлоого аттануудамын. Бул боюнча Трамп азырынча билдирүү жасай элек.

77 жаштагы Блумберг — өзүнүн наамындагы маалымат агенттигинин негиздөөчүсү жана дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири болуп саналат. Анын байлыгы 52 миллиард долларды түзүп, Трамптыкына салыштырмалуу (3,1 млрд доллар) 17 эсеге көп.

Блумберг Нью-Йоркко 3 ирет мэр болуп шайланган жана узак убакыт бою мэр болгон төрт саясатчынын бири.

Блумберг – АКШнын климат боюнча түзүлгөн эл аралык келишимге катышуусун жана ок атуучу куралдарды алып жүрүүгө чектөө киргизилишин колдойт. Ошондой эле, Блумберг шайлоочуларга медициналык камсыздоо акысыз болорун убада кылууда.

Copyright © 2017 Maral FM