Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Добуштарды кайра санап чыгууда тоскоолдуктар жаралууда

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 805 | 0

Ооганстандын 7 провинциясындагы ар кандай көз караштагы топтор президенттик шайлоодогу добуштарды кайра санап чыгууга тоскоолдуктарды жаратууда. Бул тууралуу ооган көз карандысыз шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 24 региондогу добуштарды кайрадан санап чыгышкан. Дагы үчөөндө добуштарды саноо уланууда.

Ар кайсы талапкерлерди колдогон топтордун каршылыгынан улам 7 провинциянын шайлоо комиссиясынын ишин текшерүүдө тоскоолдуктар болуп жатат. Ошондуктан шайлоо комиссиясы добуштарды кайрадан санап чыгуу белгиленген мөөнөттө бүтпөй кала турганын билдирет.

Президенттикке негизги талапкерлер учурдагы президент Ашраф Гани жана Өкмөт башчы Абдулла Абдулла жана экс-премьер Гүльбеддин Хикматиярлар болууда.

Ооганстагы президенттик шайлоо 28-сентябрда өткөн. Көптөгөн аймактар шайлоого каршы болгон «Талибан» радикалдык кыймылынын көзөмөлүндө болгондуктан, ондогон региондордо шайлоо өткөрүлгөн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM