Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык студенттердин Кытайда билим алуусу үчүн квотаны көбөйтүү талкууланды

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 566 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар билим берүү тармагындагы кызматташууну жакшыртуу, кыргызстандык студенттер үчүн каралган квотанын санын көбөйтүү маселелерин талкуулашты.

Каныбек Исаков эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүү үчүн буга чейинки макулдашууну өзгөртүү каралып жатканын кабарлады.

Эске сала кетсек, Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында жалпы 60 кыргызстандык студент бюджеттик негизде билим алышат.

Copyright © 2017 Maral FM