Биз менен байланышыңыз

Гонконг: Шайлоодо оппозиция жеңишке жетишти

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 537 | 0

Гонконгдо 24-ноябрда 18 райондо өткөн жергиликтүү депутаттарды шайлоодо оппозициялык кыймылдын жана партиянын кандидаттары жеңишке жетишти.

Маалыматка ылайык, оппозиция, башкача айтканда демократияны өнүктүрүүнүн тарапташтары 452 орундун 300дөн ашыгына ээ болору айтылууда. Буга чейин демократтар 100 чакты орунду гана ээлеп келишкен.

Шайлоонун мааниси

24-ноябрда Гонконгдо көпкө созулган полиция менен бийликке каршы болгондордун калайман каршылыктарынан соң алгач ирет шайлоо өттү. Буга чейинки бул тариздеги шайлоолорго ММК көңүл бурган эмес. Бул ирет Гонконгдо өткөн жергиликтүү кеңештеги шайлоону көптөгөн аналитиктер “демократиялык кыймылды колдоо референдуму” деп атоодо.

Бул ирет өткөн шайлоого добуш берүүчүлөр абдан активдүү катышкан жана шайлоо учурунда эч кандай башаламандык болгон эмес. Шайлоого 2,9 миллион шайлоочу же шайлоочулардын 71%ы катышкан. Ал эми мурдагы 2015-жылы өткөн шайлоодо катышкандардын саны 47%ды түзгөн.


Гонконгдун эли эмнеге нааразы же мунун аягы кандай болот?


Гонконг эли бийлик кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоо мыйзамына каршылык кылып, июнь айынын башынан бери байма-бай митингдерге чыгып келет. Жалпы каршылыктан соң, бийлик бул мыйзамдык документти убактылуу артка жылдырып, кийин парламенттен биротоло кайтарып алган. Ага карабастан, демонстранттар нааразычылык акцияларын токтотушкан эмес. Алар Бээжиндин саясатынан чыкпаган бийликтин отставкасын, буга чейинки калайман каршылыкта камалгандардын бошотулушун жана демонстранттарга каршы зулум аракеттерди колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM