Connect with us

Гонконгдун эли эмнеге нааразы же мунун аягы кандай болот?

Блог | 21 Ноя 2019 | 1130 | 0

Июнь айында талаштуу мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу башталган тынчтык митинги бир катар нааразычылыктарга жол ачты. Каршылык көрсөткөндөрдүн айрымдары полициянын катаал ыкмаларына каршы зомбулук көрсөтүү аракетине өттү. Эки тараптын тең артка чегүнүүгө жасаган аракеттери байкалбай турат.

The New York Times (АКШ): Гонконгдун жарандары эмнеге нааразы?

Июнь айында талаштуу мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу башталган тынчтык митинги бир катар нааразычылыктарга жол ачты. Каршылык көрсөткөндөрдүн айрымдары полициянын катаал ыкмаларына каршы зомбулук көрсөтүү аракетине өттү.

Кыязы, каршылык көрсөтүп жаткандар менен Пекинден колдоо тапкан өкмөттүн ортосунда арылгыс келишпестиктер бар. Себеби, эки тараптын тең артка чегүүнүгө жасаган аракеттери байкалбай турат.

Нааразычылык күчөгөн учурдан бир канча ай өткөндөн кийин баарына себеп болгон адамдарды Кытайдын материктик бөлүгүнө экстарадациялоо жөнүндөгү анча белгилүү эмес мыйзам жокко чыгарылган. Бирок нааразычылык көрсөткөндөр жаңы талаптарды коё башташты. Эми алар аймактагы демократиянын бекемделишин жана полициянын иш-аракеттеринин иликтенишин талап кыла башташты.

Каршылык эл аралык мааниге ээ болду. Кытайдын ою боюнча, нааразычылыктар улутчулдукка каршы багытталган, ал эми демократиянын жактоочулары Кытайдын авторитардык бийлигине катуу сокку урууну каалашат. Анан да, бул окуя Кытай менен АКШнын ортосундагы соода тиреши күчөп турган маалга туш келди. Жана айрым эл аралык компаниялар (арасында НБА да бар) өздөрү каалабаган саясий чыр-чатакка аралашып отурат.

Биз сиздерге кантип бул абалга келип калдык жана эки жактан тең зомбулукту эскалациялоо кандайча ишке ашканын түшүндүргүбүз келди.

Гонконг менен Кытайдын мамилеси кандай?

Гонконг — жети миллиондон ашуун калкы бар, Кытайдын түштүк жээгинде жайгашкан ири каржылык борборлордун бири. «Бир өлкө, эки система» курсунун алкагында Кытайга кайтарылган. 1997-жылга чейин Улуу Британиянын колониясы бойдон кала берген.

Бул саясатка ылайык, Гонконг Кытайдын бир бөлүгү катары эсептелген. Ошентсе да, материктик Кытайдын эли ажырап калган сөз эркиндиги, чексиз интернет жана чогулуш укуктарын сактап кала алды. Атайын администрациялык аймакта жеке мыйзамдар иштейт. Өзүнүн башкаруу системасы, Негизги мыйзам катары белгилүү «кичи конституциянын» негизинде иш алып барган күч органдары бар. Кытай мындай кеңири автономиялык система эң аз дегенде 2047-жылга чейин өкүм сүрөрүн убадалады.

Бирок Гонконгдун көпчүлүк тургундарынын ою боюнча, Пекин акырындык менен шаардын автономиясын жокко чыгарып, жергиликтүү бийликке көзөмөл кылып турат. Гонконгдун башкаруу бийлигинин башчысынын кызмат ордун учурда Кэрри Лам (Carrie Lam) ээлеп турат. Ал пропекиндик комитет тарабынан дайындалат.

Нааразычылыкка чыккандар эмнени каалап жатышат?

ААРдын тургундары Кытай өкмөтүн жек көрүшөт жана өз эркиндиктерин узакка сактап калууга үмүттөнүшөт. Өз кезегинде бул кыймыл материктин каршылыгын болтурбоого багытталган. Бирок ал зомбулуктун өсүшү менен оорлоп бара жатат.

Башында кыймыл мыйзамга каршы багытталган. Жокко чыгарылган мыйзамдын шартына ылайык, кылмышка шектүү адамдар Гонконгдун экстрадациялоо боюнча келишими жок өлкөлөрүнө экстрадацияланмак. Бул өлкөлөрдүн арасында коммунисттик партия тарабынан көзөмөлдөнгөн материктик Кытай да бар эле. Жүз миңдеген адамдар бул мыйзам Пекиндин Гонконгдогу диссиденттерди аңдый башташына шарт түзөт деп кооптонуп, июнь айынын тогузунда бул мыйзамга каршы туруу максатын көздөп, тынчтык жүрүшүнүн катышуучуларынын катарына кошулушкан.

12-июнь күнү полиция биринчи жолу атайын каражаттарды, 150дөн ашуун көздөн жаш чыгаруучу газы бар баллон колдонуп, нааразычылык билдиргендерди таратууга аракет жасаган. Ал эми алар тараптан күч органдарына «Молотов коктейли» бар бөтөлкөлөр ыргытылган. Каршылык көрсөткөндөр полициянын аракетине нааразычылык билдирип, көз карандысыз иликтөөнү талап кылышты. Бирок бийлик мындан баш тартты.

Бирок нааразы тарап муну менен эле тынчып калбай, жаңы талаптарды коюуну улантты. Каршылык көрсөткөнү үчүн камалгандарды актап, бардык мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийликтин башчыларын түз шайлоо талабын да коюшту. Кыймылдын белгилүү лидери болбогондуктан, чечим онлайн-форумдарда добуш берүү аркылуу кабыл алынат.

Эмнеге нааразычылыктар чоң кагылышууларга айланып кетти?

Нааразы тараптын көпчүлүгү зомбулук аракеттерин жасап, катуу каршылык көрсөткөн эмес. Алар иш таштоолорду уюштуруп, полиция бөлүмдөрүн курчап, акцияларды өткөрүшкөн. Шаардын креативүү классы нааразычылыкты тематикалык искусство жана зордук аткаруу коштогон каршылык көрсөтүүгө айлантып жиберди.

Нааразы тараптын азыраак бөлүгү элди кыймылга алып келе аларына ишенип, өздөрүн тынч алып жүрүштү. Бирок коюлган талаптардын бирөөсү гана аткарылгандыгына байланыштуу катышуучулар тынчтык митингин өткөрүүнүн натыйжасыз экендигине ынанышты.

Нааразы тараптагы айрым адамдар полицияга кыштарды жана күйүүчү суюктук бар бөтөлкөлөрдү ыргытып, атүгүл, кээде бычак менен сайып жиберген да учурлар катталды. Полиция акция маалында бир колго жасалган бомба жардырылганын билдирди. Бир канча жолу адамдар өздөрүн өзү билип, кыймылга каршы деп санаган адамдарды өз алдынча жазалап, ур-тепкиге алышкан. Бир адамга бензин төгүп, өрттөп жиберишкен. Белгилүү прокытайлык эл өкүлү Джуниус Хого (Junius Ho) бычак менен кол салышкан. Темир жол башкармалыгынын мүлкүнө зыян келтирилген. Нааразы тарап аны полицияны колдойт деп ишенишкен. Ошондой эле, прокытайлык деп эсептешкен компанияларды материалдык чыгымга учуратышкан.

Нааразы тараптын пикирине ишенсек, алар полициянын катаал ыкмаларынан коргонуу үчүн зомбулук аракеттерге барышкан. Полиция көздөн жаш агызуучу газды ашыкча колдонуп, эл аралык талаптарды бузушкан. Айрыкча, алар газды өйдөдөн таштап, жабык имараттарда колдонушкан. Ал эми айрым нааразы адамдарга курал менен ок атылган. Адамдарды көк боек аралашкан суу менен атуу эң жөнөкөй ыкма катары саналат. Демонстранттарды өзгөчө кыжырланткан нерсе – полиция менен болгон жеке кагылыш. Полиция кызматкери ачуу газды кош бойлуу аялга туштап чачып жибергени видеого түшүп калган. Дагы бир полиция кызматкери мотоцикли менен нааразычылык билдирип жаткан адамдардын жоон тобун сүрүп айдаган.

“Отко май чачкан” дагы бир окуя ноябрь айында катталды. Нааразычылык акциясы болуп жаткан жерге жакын жайгашкан унаа токтотуучу жайдан студент кулап, жан берген. Кыймылдын жүрүшүндөгү алгачкы курмандык ушул болду. Анын өлүмүнүн так жагдайлары али белгисиз.

Университеттин кампусундагы полиция менен карапайым элдин кармашы кадимки окоптук согушту эске салат: полиция кызматкерлери жаш агызуучу газ чачса, берки тарап күйүүчү суюктук куюлган бөтөлкө, жебе жана башка буюмдарды ыргытып каршылык көрсөтүп жатты. Ноябрда катталган Гонконгдун политехникалык университетиндеги кагылышуу бир канча күнгө созулуп, аягында полиция курчоого алганда гана, нааразычылык билдирип жаткан тарап капканда кала берген. Бир полиция кызматкери бутуна жебе тийип жаракат алды. Экинчи тараптан ондогон адамдар водомет менен суу чачылгандан кийин чыйрыгып калышкан.

Аягы эмне болот?

Эч ким билбейт.

Бирок Гонконгдо Пекин чек арага танктарды алып келүүдө деген сөз желдей тарады. Демек, Кытай демонстрацияларды Тяньаньмэнь аянтында колдонулган ыкмалар менен токтотуудан качып жатат. Гонконгдо кытай аскер горнизону турган менен, эл аралык биримдиктер алардын аралашуусун “Бир өлкө, эки система” саясатынын урашы катары баалашы мүмкүн.

Бирок Кытай нааразычылык билдирип жаткан адамдарга баш ийгиси келбейт. ММКлар аларды мыйзам бузууларга одоно жол берип жаткан сепаратист катары чагылдырып жатат. (Көпчүлүк нааразы адамдар көз карандысыздыкка кызыкпай тургандарын билдиришкен).

Гонконг бийлиги жана полиция чыңалууну басаңдатуу үчүн дээрлик эч нерсе кылбай турат. Көпчүлүк учурда алар нааразычылык билдирип жаткан адамдарды айыптап, полициянын аракеттерин актап жатышат. Ал эми нааразы тарап миңдеген адамдардын камалып жатканына карабай, согуштук маанайын жогото элек.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM