Биз менен байланышыңыз

Грецияда 5 миңден ашык мигрант балдар кароосуз жашайт

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 570 | 0

Грециядагы сириялык качкындардын лагеринде учурда 4960тан ашык бала ата-энесиз, камкордуксуз жашап келет. Бул тууралуу грек социалдык тилектештик борбору билдирген.

Маалыматка ылайык, бул лагердеги балдардын 75 пайызы өтө начар шартта жашайт.

Грек басылмалары өлкөдөгү качкындар лагеринде суу, тамак-аш жетишсиздиги көйгөйү бар экендигин, мамлекет тарабынан эч кандай колдоо жоктугу жана лагердеги балдар укугун коргоо чаралары каралбагандыгын жазып келишет.

Грецияда мигранттардын балдары менен болгон көйгөй күн сайын начарлап бараткандыгын белгилейт басылмалар.

Качкындар лагериндеги ыктыярчы Апостолос Веизис балдардын абалын «коркунучтуу» деп сүрөттөгөн.

Анын айтымында, ыктыярчылар күн сайын 100 балага жардам көрсөтөт. Жашоо шарты төмөн болгондуктан, мигранттардын балдарынын көпчүлүгү тери жана жугуштуу оорулар менен жабыркап келет.

— Эң тынчсыздандырган абал — 1,2 миң бала камкордугу жок, кайда жашары белгисиз болгондуктан, өмүрү дайым коркунуч менен коштолуп турат,- дейт Веизис.

Copyright © 2017 Maral FM