Биз менен байланышыңыз

Садык Шер-Нияз: «Америкадан сыйлык алам деп күткөн эмесин…»

Билим-маданият | 22 Ноя 2019 | 707 | 0

Жогорку Кеңештин депуттаты Садык Шер-Нияз АКШ Лос-Анжелес, Калвер Сити шаарынын ардактуу атуулу наамын алды. Эл өкүлү V Эл аралык Азия кинолорунун фестивалын өткөрүп, аталган иш-чара дүйнөгө таанымал актер, актрисалардын катышуусунда болуп өттү. Фестиваль быйыл бешинчи ирет өтүп жатат. Андагы өзгөчөлүктөр тууралуу эл өкүлү менен маек курдук.

Марал: V Эл аралык Азия кинолорунун фестивалын кандай деңгээлде өттү?

-Бул фестиваль беш жылдан бери өтүп жатат. Быйыл бешинчиси. Фестивалдын өзгөчөлүгү деп мен “Оскар” сыйлыгына тете болгон “Алтын глобус” уюму биздин фестивалды өзүнүн тилектеши катары жарыялаганын айтар элем. Анда алар жаштарыбызга арналган атайын сыйлыктарын тапшырууну уюштурушкан. Бул биздин жаш таланттарыбызга чоң шык жана дем берди. Ал эми мындай кадамды жасоо — фестивалды дүйнөлүк деңгээлге таанытты деген белги. Ушул сыяктуу кадамдар мындан 2 жыл мурун дүйнө жылдызы Анжелина Жолинин фестивалга келиши менен болгон. Ушул сыяктуу кадамдар фестивалдын беш жылдыгында аталган шаардын майрамына айланып калганын шаардын мэри сөз сүйлөп жаткан учурда билдирди.

Марал: АКШ Лос-Анжелес, Калвер Сити шаарынын ардактуу атуулу наамын алдыңыз. Наам сизге кандайча ыйгарылып калды? Артыкчылыгы кандай?

-Бул коомдук баа берүү. Анткени Калвер Сити шаарында өтүп жаткан маареке 5 жылдан бери Калвер ситинин экономикасына пайда алып келип жатат да. Бул боюнча аталган шаардын мэри өз сөзүндө да баса белгилеп өттү. Себеби бул фестивалдын артынан көптөгөн инвестициялар келип түштү. Маселен, Кытай, Түркия, Өзбекстан жана Казакстандан аталган фондго каражаттар көп эле келип түштү. Ушул сыяктуу көрсөткүчтөрдүн соңунда алар бир жыйынтыкка келип, АКШ Лос Анджелес, Калвер Сити шаарынын ардактуу атуулун беришти. Бирок мен ушундай сыйлыкты алам деп күткөн эмесмин.

Марал: Сиз кыргыздар баалуу нерселерибизди баалай албайбыз деп көп айтып келесиз. АКЩда маданият тармагы, анын ичинде кино жааты кандай бааланат экен? Канчалык деңгээлде көңүл бурулат экен?

-Канчалык бир деңгээлде туура. Анткени дүйнөдө Манас айтуу таланты жок. Кыргыздарда бар. Бирок байкап көрсөм, манасчылардан эч кимиси эл артисти деген наам ала элек экен. Бул абдан кейиштүү. Алардын орточо жашын карап көрсөк, 40тан 50 жашка чейин эле экен. Буларга көңүл буруп, наамдар эчак эле берилиши керек эле. Маселен, “айтыш коому” түзүлүп, элге сиңип кетти. 20 жылдан бери айтыштан 3,5 млн доллардан ашык акчаны коомдон алып, маданияттын казынасына салды. Бул деген чоң инвестиция да. Бул коом түзүлө баштаганда ар ким ар башкача пикирлерин айтып чыгышкан. Бирок кайра эле мамлекетке пайда алып келип жатпайбы? Биздин чиновниктер, менин айрым досторум бул нерсени түшүнбөй жатат. Тескерисинче, бул нерсенин эмне кереги бар деген таризде ой калтырып коюп жатышат. Жадакалса, Бишкек шаарык мэриясы бизде өтүп жаткан фестивалдарды көз жазымда калтырып жатат. Баннер, жарнаманы мындай эле кой, басып барып кандай болуп жатат деп бир ооз сурап коюшпайт. Анан маданият кайдан өнүгөт? Маселен, мамлекеттин казынасынан каражат бөлүнөт. Ооба, жетишерлик эмес. Ар кандай түзүлүп жаткан коомдорго колдоо көрсөтүп, каражат бөлүп койсо, кайра эле 4-5 эселеп мамлекеттин казынасына каражат которулат. Элден түшөт. Эл деле кечке саясат уккандан чарчады. Ал эми АКШда ушул сыяктуу иш-чараларды колдошот экен. Анткени алар инвестициянын кайдан келип жатканын билип жатат. Акырын эле шартын түздөп коюшат, болду. Маселен, Калвер Сити шаарында биздин фестивалдын баннери илинип, кандай гана колдоолорду көргөзүшкөн жок. Мэр өзү келип катышып, колдоп жатты. Бул жакшы кадам. Жок биз мындай нерседен алыс болуп, депутаттарыбыз, тескерисинче, каршылыктарын көргөзүп жатышат. Ошон үчүн өзүбүздүн баалуулуктарыбызды баалап, колдонолу да.

Марал: Садык агай, Марал радиосу сизди Калвер Сити шаарынын ардактуу атуулу болушуңуз менен куттуктайт! Ар дайым элдин көйгөйүн чечкен, кыргыз үчүн, кыргыз маданияты үчүн күйгөн инсандардан болуп жүрө беришиңизге тилектешпиз. Маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдиребиз.

Copyright © 2017 Maral FM