Эл аралык издөөдө жүргөн, адам өлтүрүүгө шектүү Алмаз Дайнаев кармалды. Шектүүнү Ош шаарынын милициясы колго түшүрдү.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматы кабарлады.
Дайнаев Оштун Араван районунун тургундарын опузалап, бир жашоочунун унаасын коркутуу менен тартып алганы боюнча арыз жазылып, ошондон улам милициянын колуна түшкөн.
37 жаштагы кылмышка шектүү жаран мурда соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп чыккан.
Ага Москва шаардык ички иштер органдары ал жакта жашап, ишкерлик кылган кыргызстандык эки жаранды уурдап кетип, кийин аларды күч колдонуу менен өлтүргөн деген шек менен издөө жарыялаган болчу.