Биз менен байланышыңыз

Ибрагимов: «Санариптик телеберүүгө өз убагында өттүк»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2019 | 456 | 0

Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов «Марал» радиосуна берген маегинде Кыргызстан санариптик телеберүүгө өз убагында өткөнүн билдирди.

Анын айтымында, телеканалдар актуалдуулугун жоготуп бара жатат. «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзам идеалдуу болбосо да, талаптарга жооп берери тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

-Ушул мыйзамды ишке ашырып алсак, бир канча жеңилдик болмок. Учурда интернет айдыңын көзөмөлдөө мыйзамдаштырылган эмес. Ошондуктан 60 телеканал берүүлөрүн эркин чагылдырууда. Интернет айдыңын тартипке келтирүү зарыл. Анткени ал жакта да каракчылык продукциялары орчундуу орунда турат, — дейт Ибрагимов.

Белгилей кетсек, НТС телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев «Маралга» берген маегинде Кыргызстан санариптик телеберүүгө шашылыш өткөнүн билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM