Биз менен байланышыңыз

Балыбаев: «Пираттык каналдарды жаап бизге мүмкүнчүлүк түзгүлө, сериал да тартабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2019 | 710 | 0

НТС телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев «Маралга» берген маегинде өлкөдө пираттык телеканалдардан дүйнөлүк премьерасы боло элек кинолордун көрсөтүлүп жатканын айтып, аны каракчылык катары баалады:

-Анысы аз келгенсип мындай каналдар жарнамалардын баасын 10-15 пайызга түшүрүп алган учурлар кездешет. 100 миң сомдук жарнаманын баасы 10 миң сомго түшүп кеткен учурлар бар. Бир сюжет тартпаган каналдар уурдалган контетти алып, өндүрүштүк чыгым тартпай туруп, жарнама алышууда. Алардын үлүшү 5 пайыз болсо да, зыянын тийгизүүдө, — дейт Балыбев.

Анын айтканына караганда, жарнамалык агенттиктер каналдын пираттык экенине карашпайт. Алар эл көп көргөн каналга жарнама берет. Бирок муну жөнгө салуу керек. Анткени тийиштүү органдар бул тармактын келечеги коркунучта экенин билиши керек.

-Бул жөн гана акча талашуу эмес, маалыматтык коопсуздук маселеси. Пираттык каналдарды жаап, бизге мүмкүнчүлүк түзүп бергиле, өзүбүз акча таап кинолорду сатып алып келебиз. Жалаң эле сатып албай, сериалдарды да тартабыз, — дейт Балыбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM