Биз менен байланышыңыз

Балыбаев: «Кыргызстан санариптик телеберүүгө шашылыш өткөн»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2019 | 555 | 0

НТС телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев «Маралга» берген маегинде Кыргызстан санариптик телекөрсөтүүгө ыраатсыз, шашылыш өткөнүн билдирди.

Анын айтымында, Орусияда 100 млн элге 20 эле канал жетиштүү. Ал эми Кыргызстан 6 млн калкка 60 телеканал киргизилип, башында эле ээрге кыйшык отурганын айтат:

-Теле — бизнес. Бизде ММКларды үгүттүк курал катары түшүнүп алышкан. Бирок бул экономиканы сүйрөп, ири салыктарды төлөп, жумушчу орун түзө турган тармак, — дейт Балыбаев.

Ал мындан сырткары, кыргыз тилинин өнүкпөй жатканына телеканалдардын «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамды толук сактабагандыгы себеп экенин белгиледи. Мындан сырткары, каракчылык жолу менен ишмердүүлүк жүргүзгөн телеканалдарга жетиштүү чара көрүү зарылчылыгын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM