Биз менен байланышыңыз

Ибрагимов: «Орус телеканалдарын көрсөтүүдө КР бюджетинен акча төлөнбөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2019 | 488 | 0

Орусиялык телеканалдардын продукцияларын Кыргызстандын аймагында жайылтуу үчүн бюджеттен акча төлөнбөйт. Бул тууралуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында орусиялык «Биринчи канал», «РТР Планетанын» продукцияларын жайылтуу аталган телеканалдардын жарнамасынан түшкөн каражаттын негизинде ишке ашат. Ал үчүн Кыргызстандын казынасынан каражат сарпталбайт.

Белгилей кетсек, Казакстан орусиялык телеканалдарга чектөөлөр киргизилип, чет элдик телеканалдарды алып көрсөтүүдө жарнама коюуга тыюу салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM