Биз менен байланышыңыз

Аймактардагы ЖМКлар медиаборборлорго биригет

Коом , Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 532 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аймактардагы мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын кайрадан уюштуруп жатат. Ар бир облуста бирден мултимедиалык борбор түзүү пландалууда. Жаңы медиа борбор элге сапаттуу маалыматтарды ыкчам жеткирүү максатын көздөйт. Бирок райондук гезиттин айрым кызматкерлери мындай өзгөрүүлөргө каршы. Анткени реформанын алкагында 160 штаттык бирдик кыскарат. Ал эми бул тууралуу медиа эксперттер кандай ойдо болду экен?


Чарбалык эсептеги гезиттердин редакцияларынан башка бир дагы райондук гезит өзүн-өзү актай албай жатат. Ушундан улам, аларды камсыз кылууга бөлүнгөн бюджеттик каражат натыйжасыз колдонулууда. Ошондуктан мамлекеттик аймактык ЖМКларды реформалоо зарылчылыгы пайда болду. Эми аймактардагы мамлекеттик ЖМКларды кайра уюштуруунун алкагында облустук телерадиберүү уюмдары, облустук жана райондук гезиттер бириктирилет. Натыйжада, облустук телерадиокомпаниялардын базасында 7 медиаборбор түзүлүп, беш багытта иш алып барат. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Салкын Сарногоева билдирди. Ал медиаборборлор кандай түзүлөрүн төмөнкүчө түшүндүрдү:

— Мультимедиялык борборлор өлкөнүн 40 районун камтыйт. Башкы кеңсеси облус борборунда жайгашат. Жаңыдан кайра уюшулуп жаткан бардык облустук медиаборборлордо телекөрсөтүү, гезит, веб-сайт, онлайн берүү жана маалымат-борборунун платформалары камтылат. Медиа борбордун түзүлүүсү менен райондук гезиттер облустук басылмалага бириктирилет. Ошол эле учурда ЖМКлардын бюджети да бириктирилет. Медиаборборлор сапаттуу маалыматтык кызмат сунушташы керек, алар өзүн каржылоого өтүшү кажет. ЖМКларды кайра каттоону жыл соңуна чейин аяктайбыз.

Министрлик кайра уюштуруудан улам 110 кызмат оруну кыскартылып, жумуштан кеткен кызматкерлерге компенсация төлөнүп берилерин айтууда. Ошол эле учурда кыскартылган орундардын эсебинен медиаборборлордун кызматкерлеринин айлыгы 15%га, башкача айтканда 700-1000 сомго көтөрүлөт. Ар бир райондон экиден кабарчы алынат. Алар өз аймагындагы маалыматтарды облустагы медиа борборго жөнөтүп турат.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков реформанын башкы максаты сапаттуу маалымат кызматтарын көрсөтүү, жарнамалык материалдарды тартууну күчөтүү, калктын медиасабаттуулугун жогорулатуу болуп саналарын айтат. Натыйжада, медиаборборлор чыгымдарын өзүн-өзү актоосу керек.

Өткөн жылы аймактык мамлекеттик ЖМКларга 130 млн сомдон ашуун акча бөлүнгөн. Бирок Кадырбеков каражаттын 60%ы натыйжасыз пайдаланылып жатканына тынчсызданды:

— Тилекке каршы, райондук гезиттин редакторлору депутаттарга кайрылды. Айрым депутаттар «кайра артка кайтаргыла» деп чечим чыгарып беришти. Биз токтомду аткарып, комиссияны жөнөткөнбүз. Баланстагы буюмдарын медиаборборго өткөрүп беришти, өтө татаал иш жасалды. Тийиштүү комитет чечим чыгарып: «биз Конституциялык органбыз, эмнеге чечимди аткарбай жатасыңар» дейт. Өкмөт да Конституциялык орган. Эгерде чарбалык иштерин, реформаларды өздөрү жүргүзө албаса, анда эмне деген өкмөт болот? Бул жерде адам фактору көбүрөөк роль ойноп жатканын ачык айтып коёюн. Реформага баралы десек, ушундай түшүнбөстүктөр, мыйзам тарабынан да маселелер болсо, балким, Конституциялык палатанын деңгээлинде чечим чыгартуу керек. Айтор, биз бул ишти аягына чейин чыгарууга аракет кылабыз.

Түп райондук гезитинин редактору Айгүл Абдымомунова министриликтин мындай реформасын колдобой турганын билдирди:

— Ар бир район өз редакциясы менен иш алып барганы жакшы. 2 кызматкер калса, калганы каякка барат? Мисалы, 2-3 жылда пенсияга чыга турган кызматкерлер да бар. Ал эми компенсация 3 айга эле төлөнүп берилет. Андан кийинкиси эмне болот? Башка тармакка иштебей, жан дүйнөсүн гезитке байлаган адамдар бар. Алардын да тагдыры оор болуп калат, го?…

Бирок Нуржигит Кадырбеков адам көңүлүнүн айынан бүткөнү калган реформа артка жылып бара жатканын белгиледи:

-Мындай нерсеге чечкиндүү мамиле жасоо зарыл. «Адамдар пенсияга чыгып алса экен» деп ири реформаларды калтыра берсек кандай болот? Азыр айрым медиаборборлордун жетекчилери пенсия курагында болот. Кесиптик деңгээли бийик болушу, ишин жакшы аткаруусу маанилүү. Жашы өткөндөрдү кетирип, жаштарды кызматка алуу тууралуу такыр сөз болгон жок. Биз да аларга боорубуз ооруп турат, бирок иш деген иш. 

Ал эми Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов кабарлагандай, медиаборборлорго алгач райондук ЖМКлардын кызматкерлери жумушка алынарын билдирди:

— Жумуш орундары кыскарганына байланыштуу биринчи кезекте калган адамдарга кызмат сунуштайбыз. Эгерде баш тартышса, медиаборбордун башкы директору тийиштүү талаптарга ылайык кабарчыларды кабыл алат. Кабарчылар журналистиканын жаңы усулдары боюнча окутуудан өтүшөт.

Медиаборбордун кызматкерлерине заманбап мобилдик каражаттарды колдоно билүү, маалыматтарды ыкчам чогултуу жана жөнөтүү, креативдүү ой жүгүртүүгө ээ болуу, аудиоподкасттарды жазуу, аналитикалык материалдарды жасоо, фото жана видео репортаждарды даярдоо талаптары коюлат.

Медиа эксперт Алмас Турдумаматов медиаборборлорду ачуу боюнча министрликтин багыты туура нукта деген ойдо. Бирок анын баамында суроо жараткан маселелер да бар. Алсак, «Баткен Таңы» гезити 7 миндей тираж менен чыгат. Мындай көлөмдүү тираж менен чыккан гезиттерди жабуунун кажети жок. Айрым райондор чоң болгондуктан, 2 кабарчы жетишпей калышы ыктымалдыгын айтат:

— Мисалы, Чаткал районун ала турган болсок, Жалал-Адаб облусунун борборунан, тагыраагы, медиаборбор бир топ алыс. Оштон Чоң-Алайга чейинки аралыктар кандай болуп калат? Бул жагдайлар ойлонулган болсо, медиаборборду иштетип көрүү зарыл. Гезиттер алдын ала жазылуу менен иш алып барышат. Алардын да окурмандардын алдында кандайдыр бир милдеттенмелери бар. Ушул маселелер чечиле турган болсо, өзгөрүүлөргө баруу — туура кадам. Медиаборборлордун келечеги алар иштеп чыккан контенттен, адистерден көз каранды. Облустук телевидение, гезиттердин азыркы контенти кандай болсо, кийинкилери да ошонун уландысы болот. Медиаборборлордо облус, райондордо иштеп жаткан журналисттер эмгектенет. Ушундан улам, алар чыгарган продукциянын сапаты азыр кандай болсо, кийинкилери да ошондой эле болот. Кызматкерлерди канчалык окутуп, даярдаган менен эмгек акысы жетиштүү болбосо, кадрлар бат-бат алмаша берет.  

Учурда ачыла турган медиаборборлордун басымдуу бөлүгү тийиштүү техника менен камсыз болду. Алдыда бардык облустардын кабарларын  камтыган бирдиктүү маалыматтык портал түзүү пландалууда. Нуржигит Кадырбеков долбоор параллелдүү түрдө каржыланарын кошумчалады.

Айта кетсек, учурда өлкөдө 7 облустук телеканал, 12 облустук гезит, 34 райондук гезит бар. Аларга жыл сайын 140 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM