Биз менен байланышыңыз

Ибрагимов: «Телеканалдар негизги талаптарды да аткарбай жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2019 | 502 | 0

Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов «Марал» радиосуна берген маегинде  телеканалдар негизги талаптарды да толук аткарбай жатканын билдирди.

Анын айтымында, «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде кабыл алынган жобого ылайык, 50дөн ашык телеканалга мониторинг жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, 40тан ашуун телеканалга эскертүү берилди. Текшерүүдө ата мекендик өндүрүштү жана мамлекеттик тилди сактоого басым жасаларын айтат:

-Пираттык телеканалдарга эскертүү берилди. Мыйзам бузуу кайталанса айыппул салынат. Анын көлөмү юридикалык жактарга 23 миң сом, физикалык жактарга 7 миң сом. Ага карабай мыйзам бузуу улантылса, телеканалдын берүүлөрү токтотулат. Пираттык телеканалдар боюнча Кыргызпатент, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жана биздин департамент иштеп жатат. Телеканалдар да бири-бирин көзөмөлдүккө алып жатышат, — дейт Ибрагимов.

Ал белгилегендей, телеканалдарга пландуу жана пландан сырткары көзөмөл жүргүзүлүүдө. Пландуу текшерүү жылына бир жолу жасалат. Ал эми мониторинг пландуу эмес текшерүүгө кирет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM