Биз менен байланышыңыз

Элчи Эдил Байсалов Улуу Британиянын ханышасы менен жолукту (фото)

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 790 | 0

Кыргызстандын Улуу Британиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов кечээ, 20-ноябрда ханыша Елизавета IIнин кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу Лондондогу кыргыз элчилигинен маалымдашты.

Букингем сарайында өткөн жолугушууда элчи Байсалов ханыша Елизавета IIге Ишеним грамотасын тапшырды. Ошондой эле, Улуу Британия ханышасына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жана кыргыз элинин атынан жакшы каалоо-тилектерди билдирген.  Элчи Эдил Байсалов ханыша Елизавета IIге кыргыздардын байыркы кол өнөрчүлүк тарыхын камтыган «кыргыз шырдагын» белек кылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Байсалов Улуу Британия ханышасына Кыргызстандын азыркы абалы тууралуу айтып, кыргыз тарап Улуу Британия менен жаңы багыттарда кызматташууга ар дайым кызыктар экенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM