Биз менен байланышыңыз

Ишкер айымдарга мамлекеттик банктарда «Ишкер – Айым» атайын насыясы берилет

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 1143 | 0

Мамлекеттик банктарда аялдарды колдоо үчүн «Ишкер – Айым» жана «Айым – Кредит» атайын насыялык продуктулары түзүлгөн. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүн белгилөөгө арналган «Өз алдынча болуу эрдиги…» аттуу конференцияда билдирди.

Өкмөт башчы билдиргендей, 2030-жылга чейин ишкер айымдарды өнүктүрүүнүн улуттук программасы  кабыл алынып, «жол картасы» иштелип чыкты. «РСК банк» ачык акционердик коому аркылуу айымдар ишкерлигин өнүктүрүү үчүн «Ишкер – Айым» атайын насыялык продуктусу түзүлгөн.

Мында пайыздык үстөк улуттук валюта менен жылдык 14% менен, 24 айга чейин жүгүртүүдөгү каражаттарды толтуруу үчүн жана 36 айга чейин негизги каражаттарды сатып алууга берилет.

Кредиттик линиянын жалпы бюджети 50 млн сом, анын ичинде 26,1 млн сомго 78 насыя берилген. Ошондой эле, «Айыл банк» «Айым – Кредит» атайын насыялык кредитин түзгөн. Анын пайыздык үстөгү улуттук валютада жылдык 14% менен 24 айга чейин жүгүртүүдөгү каражаттарды толтуруу үчүн жана 36 айга чейин инвестицияга берилет. Долбоор ушул жылдын 15-ноябрында ишке киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM