Биз менен байланышыңыз

10 айда салык отчетторун бербеген 14 миңден ашуун салык төлөөчү аныкталды

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 419 | 0

10 айда салык отчетторун бербеген 14 миң 148 ишкердик субъект аныкталды. Алардын ичинен 6 миң 102 юридикалык жак, 6 миң 655 жеке ишкер жана 1 миң 391 дыйкан (фермердик) чарбалар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Ошондой эле, салык органдарында каттоодон өтпөгөн 6 миң 689 субъект табылды. Алардын ичинен 1 миң 896 юридикалык жак, 3 миң 648 жеке ишкер жана 1 миң 145 дыйкан чарбасы бар.

Бардыгы болуп салык органында эсепте 1-ноябрдагы абал боюнча 750 миң 650 салык төлөөчүлөрдүн ичинен 120 миң 282 – юридикалык жактар, 368 миң 112 – жеке ишкерлер жана 262 миң 256 – дыйкан чарбалар.

Copyright © 2017 Maral FM