Биз менен байланышыңыз

Добр жана Нурхан Турганбеков 90-жылдарды алып келишти

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 544 | 0

Добр жана Нурхан Турганбеков «Антракт»аттуу жаңы ырын жаздырышты. Бул тууралуу Добр мырза «Маралга» радиосуна берген маегинде билдирди:

— Ырдын өзгөчөлүктөрү абдан көп. Себеби бир эле ырдын тутумунда көптөгөн ырлардын компоненттери камтылган. Арасында жаңы жазылган ырлар дагы жок эмес. Нурхан экөөбүз чогуу отуруп, сөзүн,обонун жаздык. Обонунда кандай өзгөчөлүктөр болгонун угармандар айтышат чыгар. Эски чыгармаларды кайырмаларынан кошуп отуруп, жакшы чыгарма жаратып алдык. Ырдын арасына чет элдик бир-эки чыгармадан үзүндүлөр дагы кошулду. Буюрса, элге алынып мыкты чыгармалардын катарын толуктайт деп ишенип турабыз,-деп ырчы шоудагы жаңылыгы менен бөлүштү.

 

Copyright © 2017 Maral FM