Биз менен байланышыңыз

Кытай АКШны Гонконг маселесине аралашпоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 543 | 0

АКШ Конгресси «Гонконгдогу демократия жана адам укугу» тууралуу мыйзамын кабыл алды. Документ өкүлдөр палатасына жиберилди. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамптын кароосуна жөнөтүлөт.

Конгресс колдогон мыйзамга ылайык, Гонконг полициясы үчүн ок атуучу куралдарды алып келүүгө тыюу салынат: ага көздөн жаш агызуучу ачуу газдар, резина октору жана электрошокерлер кирет.

The Washington Post белгилегендей, Трамп Кытай менен соода тармагын жандандырууну каалап жаткандыктан бул мыйзамдан баш тартуусу мүмкүн.

Сенат кабылдаган мыйзам боюнча, мамлекеттик катчы Майк Помпео жылына бир жолудан кем эмес жолу Гонконг автономдугун жетиштүү деңгээлде сакталуусуна күбө болуп туруусу кажет. Ошондой эле, документте Гонконгдо каршылык акциялары учурунда адам укугун бузган тиешелүү тараптарга санкция киргизүү каралган.

Ал эми жергиликтүү бийлик АКШны ички маселелерге кийлигишпөөгө чакырды. Алар Гонкондо 85 миң америкалык жаран жана бизнесмендер бар экенин, АКШнын 1344 компаниясы иш жүргүзүп жатканын белгилеп, Сенаттын кабыл алган мыйзамы кайра эле Америка жарандарына зыяны тиерин айтты.

Кытайдын Тышкы иштер министри да АКШны ички маселелерге кийлигишпөөгө чакырды.


Гонконг: Кампусту ээлеген студенттер күч менен чыгарылды [видео]


Гонконг эли экстрадициялоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылып, июнь айынын башынан бери байма-бай митингдерге чыгып келет. Мыйзамдагы түзөтүүгө ылайык, Гонконг бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүү боюнча макулдашкан.

Жалпы каршылыктан соң, бийлик бул мыйзамдык документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Ага карабастан демонстранттар нааразычылык акцияларын токтотушкан эмес. Алар Бээжиндин саясатынан чыкпаган бийликтин отставкасын, буга чейинки калайман каршылыкта камалгандардын бошотулушун талап кылып жатышат.

Гонконг полициясы демонстранттарга каршы суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газдарды колдонуп келет.

Акция уланган 5 айдын ичинде «мыйзам бузду» делген 4,5 миңден ашуун катышуучу кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM