Биз менен байланышыңыз

Бишкекте шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө коомдук талкуу өтүп жатат

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 614 | 0

«Кыргыз келечеги» коомдук бирикмеси шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө коомдук талкуу өткөрүп жатат. Анда өлкөнүн экономикасы, башка жарандарга кыргыз паспортунун берилип жатканы жана саясий проблемалар талкууланып жатат.

Иш чарада сөз сүйлөп жатып Парламенттин экс-төрагасы эмгек синирген юрист Мукар Чолпонбаев Жогорку Кенештин депутаттарынын деңгээли өтө төмөн деген пикир айтты.

Парламенттин экс-спикери азыркы депутаттар 4-5-чакырылыштагы эл өкүлдөрүнүн деңгээлине салыштырмалуу өтө эле төмөн, алар бүгүнкү күндө шайлоо мыйзамын, жазылган кодекстердин бирин да аткарбай, тескерисинче бузуп жатканын айтты.

Иш чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий партиялардын лидерлери, коомдук жана саясий ишмерлер, жарандык активисттер катышып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM