Биз менен байланышыңыз

Кан жолдордо 110 чакырым ылдамдыкта айдоого уруксат берилди

Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 591 | 0

Бүгүндөн тарта Кыргызстанда эл аралык маанидеги айрым жолдордо 110 чакырымга чейинки жогорку ылдамдыкта айдоого уруксат берилди. Буга байланыштуу токтом ишке киргенин Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт 31-октябрда жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүү киргизген токтом кабыл алган. Бул сунушту Ички иштер министрлиги (ИИМ) киргизген. Министрлик ылдамдыктын чегин көтөрүү жолдордогу унаа өткөрүүнүн мүмкүнчүлүгүн арттырарын белгилеген. Ылдамдыктын чеги жолдун шарты коопсуз кыймылды камсыз кыла турган жерлерде көтөрүлүшү керек.

Учурда калктуу конуштардан сырт жерде ылдамдыктын эң жогорку чеги саатына 90 чакырым деп белгиленген.

Эске сала кетсек, «Өкмөт жарандык активисттерден турган комиссия түзгөн. Комиссиянын ишинин жыйынтыгында бир катар сунуштар айтылган, анын катарында, айыппулду азайтуу боюнча сунуш да бар.

Copyright © 2017 Maral FM