Биз менен байланышыңыз

Маалымат саясатынын концепциясынын долбоору коомдук талкууга коюлду

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 597 | 0

Бүгүн, 3-июнда «Маалымат саясатынын концепциясын иштеп чыгуу: мамлекет менен медианын диалогу» аттуу Улуттук форум өттү.

Форумду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Медиа Диалог» долбоору уюштуруп, Европа Биримдиги каржылады.

Форумда министр Кайрат Иманалиев Кыргызстандын маалыматтык чөйрөдөгү кызыкчылыгы мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыздоодо, экономикалык өнүгүүгө, саясий жана социалдык туруктуулукка жетишүүгө багытталган учурдун маанилүү маселелеринен болуп саналарына токтолуп, кароого сунуш кылынган маалыматтык саясаттын концепциясынын долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарынын учурдагы өнүгүшүнүн абалын чогуу талдоонун жана бардык кызыкчылыгы бар тараптардын катышуусунда иштелип чыкканын билдирди.

Концепция Кыргызстандын маалыматтык көз карандысыздыгын камсыз кылуу жана медиасекторду өнүктүрүү, сөз эркиндигин жана пикирлердин ар түрдүүлүгүн коргоо үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Документтин долбоору алты айдан ашык убакыттан бери ар кандай кызыктар тараптардын, анын ичинде медиауюмдардын жана контент өндүрүүчүлөрдүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана ишкердик уюмдардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен иштелип чыккан.

Форумдун катышуучулары долбоордун негизги жоболорун талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдашты.

Бул документ орто мөөнөттөгү келечекке карата өлкөнүн маалымат саясатынын максаттары жана милдеттери, анын ичинде медиадагы пикирлердин ар түрдүүлүгүнө жана рынок мамилелелеринин өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү мамлекеттик жөнгө салуу чаралары боюнча тараптардын бирдиктүү пикирин билдирет.

2021-2025-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын Маалымат саясатынын концепциясынын долбоору коомдук талкуу үчүн http://kyrgyz.media/ сайтында жайгаштырылган.

Сунуштарды жана сын-пикирлерди kyrgyzmediakit@gmail.com электрондук дарегине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгына жөнөтсөңүз болот.

Copyright © 2017 Maral FM