Биз менен байланышыңыз

«Эсептөө палатасы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 767 | 0

Бүгүн «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында айтылат.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Кубанычбек Нурматов, Тынчтыкбек Конушбаев, Мирлан Бакиров, Таалай Масабиров, Зиядин Жамалдинов жана Азамат Арапбаев тарабынан демилгеленген.

Жыйын Жогорку Кеӊештин Чыгыш залына саат 10:00гө белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM