Биз менен байланышыңыз

Бишкектин эски аянтына Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталууда

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 1744 | 0

Бишкек шаардык Кеңеши баш калаадагы эски аянтка мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгаруу демилгесин көтөрүп, аны коомдун талкуусуна койду.

Маселе шаардык Кеңештин өткөн аптадагы жыйынында каралып, токтом кабыл алынган. Бул тууралуу шаардык Кеңештин расмий сайтында жарыяланды.

«Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин аты Бишкек шаарында Орозбеков – Раззаков көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан аянтка (Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратынын маңдайы) тиркелген схемага ылайык ыйгарылсын», — деп айтылат токтомдо.

Шаардык Кеңеш Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу боюнча демилгени көтөрүүдө мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгын белгилөө, бул боюнча президенттин Жарлыгы, атайын комиссиянын чечими сыяктуу бир катар чечимдерди эске алганы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM