Биз менен байланышыңыз

«Бишкектин бюджетин бекитүүгө мэрдин программасы зарыл эмес»

Саясат | 5 Апр 2022 | 838 | 0

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги отуруму болду. Жыйында бир катар социалдык маселелер талкууланып, 2022-жылга карата Бишкектин бюджети бекитилди. Ал быйыл 15,4 млрд сом экени айтылды. Жыйында мэриянын карамагындагы объектилерди ижарага берүү, эскилиги жеткен имараттарды оңдоп-түзөө, шаардын транспорттук каттамын жакшыртуу сунуштары айтылды. 

Коомчулукта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров дайындалганына бир ай болсо да, ушу күнгө чейин калааны өнүктүрүү программасын тааныштырбаганы кызуу талкууланып келет. Бүгүнкү жыйында 2022-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү маселеси да каралган.

Шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков жаңы мэрдин программасын угуп, анан бюджетти бекитүүнүн зарылдыгы жок экенин айтты.

«Буга чейинки мэрдин программасын угуп, биз ошонун программасында чоң талкууга алганбыз. Бүт депутаттар айтып, мэрия иштегени үчүн мурунтан пландалган иштер бар. Биздин бюджет көбүнчө социалдык тармакка багыт алган. Бизде көп болсо, 100%дын 80%ы социалдык тармакка, 20%ы эле өнүктүрүүгө кетет. Эми азыр бюджетти бекитип беришибиз керек. Мисалы, ошол эле жолдорду, светтерди жасоо керек, ошол эле конуштарга көңүл буруу керек. Мэр программасын алып чыкканда деле жаңы нерсени ача албайт».

Жыйында айтылгандай, мэрияга таандык имараттарды коммерциялык эмес уюмдар, майыптар тобу жана мамлекеттик уюмдар 100% же 50% арзандатуу менен ижарага ала алышат. Каттоодо учурда жалпы 700гө жакын объект бар. Бирок 100% акысыз алып, кайра ижарага берип жүргөн уюмдар да жок эмес. Атайын комиссиянын иликтөөсүнөн кийин 13 уюмдун ижара мөөнөтү токтотулган.

Шаардык кеңештин депутаты Таалай Усубалиев жогорудагыдай көрүнүштөрдөн улам жеңилдетилген ижарага ээ уюмдардын тизмеси жаңыланып жатканын белгиледи.

«Ошол эле майыптар коому же социалдык коомдук уюмдар 100% ижарадан бошотулуп жатат. Мунун ичине мамлекеттик органдар да кирет. Ошол эле УВД отурат, же болбосо Мамлекеттик каттоо отурат, мамлекеттик уюмдар отурат. Ошолорго 100% берилет. Мүлк мэрияныкы. Ижарага акысыз алып, анан ижарага акыга берип, же 50%га алгандар убагында ижара акысын төлөбөй жүргөн учурлары бар экен. Биз ошого реестрин толуктап келүүгө убакыт бердик. Эки айдын ичинде анализ кылып, канча объект ижарага берилет, канча акча түшүп жатат деген сыяктууларды алып келишет». 

Жыйында мэриянын карамагындагы эски жана авариялык абалдагы имараттарды бузуп, кайра куруу тартиби боюнча жобо каралып, бекитилди. Жаңы жобого ылайык, эскилиги жеткен имарат бузулса, өз тибиндеги гана имарат салынат.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асылбек Акылбеков ар бир бузула турган объект атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен гана ишке ашарын айтты.

«Мисалы, чоң аймакта кичинекей мектеп турса, анын 80%ы эскилиги жетип, ары жагында 20%ы калып, эртең-бүрсүгүнү көчөт деген чечимге келсек, ошону менен мектеп жокко чыгарылат. Ал да жөн жасалбайт, Бишкек шаарынын жетекчилиги комиссияларды түзүп, баары жапатырмак чечим кабыл алат да, андан кийин ал жакка жаңы долбоор менен жаңы мектеп салынат. Бекитилген жобо боюнча ар бир объект өзүнүн багытында калат».

Социалдык маселелердин катарында коомдук транспорт көйгөйү да бар. Депутаттар Бишкекке үзгүлтүксүз каттамдарды жүргүзүп туруу максатында республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен автобус сатып алуу маселесин карашты. Демилгени шаардык транспорт департаменти көтөргөн.

Депутат Айбек Ашымов кичи маршруттук каттамдарды шаар сыртына чыгаруу планы иштелип жатканын билдирди.

«Менин угушум боюнча, транспорт департаменти шаардын борбордук бөлүгүнө автобустарды киргизип, маршруткаларды жол тыгынынан сырткары деп, Жаш Гвардия, Жибек Жолу, Алматинка, Ахунбаев көчөлөрү орун алган квадраттын ичине автобустарды жүргүзүп, четтерине, жаңы конуштарга маршруттук каттамдарды жүргүзөлү деген пландары бар. Эми карап беребиз. Бүт макулдашууларды депутаттар менен кылат».  

Шаардык кеңештин кезектеги жыйынында жалпысынан 11 маселе каралды. Бишкек шаарынын быйылкы жылга карата бюджети 15,4 млрд сом болуп бекитилди. Шаардын былтыркы бюджети 10,2 миллиард сомду түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM