Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Социал-демократтар» партиясы митингге чыкты

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 3977 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына «Социал-демократтар» партиясынын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыгышты.

Алар Бишкек шаардык кеңешине алдын ала жыйынтыктын негизинде өткөн айрым партияларды шайлоодон четтетүүнү талап кылышууда.

Шайлоодогу добуш сатып алуулар боюнча видеолор бар экендигин айтышып, тийиштүү органдардын ушул убакытка чейин реакция кылбаганын сындап жатышат.

Бишкек шаары боюнча 25 партия катышып, алардын алтоосу 7%дык босого упайдан өттү. Азыркы эсеп боюнча мандаттар төмөнкүдөй санда бөлүштүрүлөт.

  1. «Эмгек» партиясы (13, 96%) — 10 мандат;
  2. «Ак-Бата» партиясы (12,22%) — 9 мандат;
  3. НДПК (КЭДП) (10,62%) — 7 мандат;
  4. «Ата-Журт-Кыргызстан» (9,52%) — 7 мандат;
  5. «Ынтымак» (8,3%) — 6 мандат;
  6. «Биздин эл» (7,75%) 6 мандат;

Эскерте кетсек, бул шайлоонун алдын ала жыйынтыгы Бишкек шаарындагы шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктар толук келип бүтө элек.

Copyright © 2017 Maral FM