Биз менен байланышыңыз

«Сопоковду кызматка дайындоодо ТИМден кемчилик кеткен»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2019 | 432 | 0

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы Башкы консулу Эркин Сопоковду кызматка коюуда Тышкы иштер министрлиги тарабынан катачылык кеткен. Консулду тандоодо жаңылган соң, тиешелүү жетекчилер жооп бериши керек. Бул тууралуу саясий жана коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дипломаттар мамлекеттин тышкы жана ички кызыкчылыгын салыштырып иш алып баруусу шарт. ТИМ кадрларды кылдат тандоосу керек болчу:

-Дипломатия — эл аралык мамиле. Ушундан улам, буга Өкмөт башчы, Президент, Тышкы иштер министрлиги жана башка бир топ мамлекеттик органдардын тиешеси бар. Мамлекеттик кызмат соодалашуу мамилесине өтүп жаткан жерде да көп маселе бар. Экинчи жагынан, протоколдор орой бузулат. Протокол терроризмден да күчтүү, жазылган нерсе убагында бүтүшү керек. Элчилер чет өлкөдө жүргөн жарандардын укугун коргоо, өлкөлөр ортосунда дипломатиялык кызматташууну алып келүүсү зарыл, — дейт Матубраимов.

Белгилей кетсек, 12-ноябада президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган.

Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоков кызматынан бошотулду

 

Copyright © 2017 Maral FM