Биз менен байланышыңыз

Саймаитинин өлүмү: Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоков кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 1502 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кошумчалай кетсек, болжолдуу маалыматтар боюнча «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» боюнча иликтөөсүндө ысымы көп айтылган адамдардын бири катары белгилүү болгон Айеркен Саймаити колдонгон унаа Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковко таандык экендигин социалдык тармактын колдонуучулары жазды.

Эске салсак, Түркиянын Стамбул шаарынын Фатих районундагы отелдердин биринде уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитини 10-ноябрда кечинде атып кетишкен. Октон жаракат алган Саймаити ооруканага жетип каза тапкан. Түрк полициясынын маалыматында каза болгон жаран бажы иштерине байланыштуу ишкерлик кылары жана акыркы кездерде каржылык жактан көйгөйлөрү болуп келгени айтылат. Алдын ала божомолдор боюнча ишкер Саймаитинин өлүмүнө  аласа-бересе маселелери себеп болушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM