Биз менен байланышыңыз

Саймаитинин өлүмү: Сопоковдун унаасы боюнча ТИМ билдирүү жасады

Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 1516 | 0

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковдун унаасы ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү катталган жерде тургандыгынын себебин түшүндүрдү.

Мекеменин маалыматында, Эркин Сопоков аталган кызматка 2017-жылдын 17-апрелинде келген. Бул жылдар аралыгында кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу жаза берилген.

Эркин Сопоков жана анын айдоочусу И.С. Хавазов бир нече ирет жол эрежелерин жана унааны колдонуу эрежелерин бузган. Буга байланыштуу Сопоковго сөгүш жарыяланып, Хавазов жумуштан алынган.

Ошондой эле, Башкы прокуратура тарабынан Сопоковдун 2017-жылга карата Бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы аныкталган.

Ушул жылдын октябрь айынын аягында Сопоков дипломатиялык транспорттук номерлерди катоодон алуу жана кайтарып берүү тартибин бузуу менен өзүнүн «Рейндж Ровер» унаасын сатуу үчүн «Рамадан туризм» унаа салонуна өткөргөн.

Мындан тышкары, Сопоков Айеркен Саймаитинин өлүмү катталган жерде эмне үчүн унаасынын турганын түшүндүрүп бере алган эмес.

«Кыргызстандын дипломатиялык кызматы жөнүндөгү» мыйзамды бузгандыгы үчүн Эркин Сопоков президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, кызматынан алынды.


Саймаитинин өлүмү: Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоков кызматынан бошотулду


Copyright © 2017 Maral FM